Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Кечээ, 18-январда 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине Президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды.
Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90 пайыз жумуштары аткарылган.
Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду.
Алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыгат.