Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жубайынын сөөгүн алып келаткан учак Бишкекке конгонун билдирди. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.
Эске салсак, жарандык активист Кайып Шер соцтармактагы баракчасы аркылуу Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү жүктөлгөн учактагы бийлик "коомчулуктун нааразычылыгынан корккону үчүн" Бишкекке конууга уруксат бербей, мындан улам маркумдун туугандары сөөктү Алматынын абамайданынан алып кетишкенин билдирген.
"Социалдык тармакта “Самолет менен Минскиден келеткан Назгүл Төлөмушованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз.
Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен.
Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деп жазды Эрбол Султанбаев.