Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Минералдык жер семирткичтерди контрабандалык жол менен алып бараткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Коопсуздук кызматы  контрабандага каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын тилкелеринде контрабанданын алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. 

2023-жылдын 16-январында Лейлек районунун Кулунда а/а “Сада” аймагында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте 03 KG 249 ACM мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны кармаган. 

Көрсөтүлгөн унаанын айдоочусу 1994-жылы туулган А.Я.М., селитра түрүндөгү минералдык жер семирткич жүктөрдү контрабандалык жол менен ташууга шектелип, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Ал эми унаасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.

Бул факты УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан маалыматты каттоо журналына катталып, тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.