Быйылкы кыштын сууктугу, электр жарыгынын өчүрүлүп жатышы тезирээк Камбар-Ата ГЭСин, башка чакан ГЭСтерди ишке киргизип, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүп, араңжан абалдагы системаны оңдобосо, абал чатак экенин көрсөттү. Кыш жылда эле былтыркыдай жылуу, жеңил боло бербесин быйылкы январь айкындап атат. Азыркыдай сууктар тээ мурдагы жылдарда көп эле болгон, бирок быйыл көпчүлүктүн чый-пыйы чыгып, энергетиктер айласын таппай калышты. Кырдаалдан электр жарыгын маал маалы менен өчүрүү аркылуу чыкканы жатышат.

А эгерде чындап -30ду чапчыган аномалиялык суук болсо, жарыксыз отуруп калмак окшойбуз. Элдүү конуштарда электр жарыктарынын 1 сааттан өчүрүлүп жатканы туура эле. Андан ашык өчүрүлсө жылуулук түйүндөрү жарылат, муздаткычтагылар бузулат.

Кырдаалдан чыгуунун, кыш келсе эле айгай салып, кокуйлачу күндөрдөн арылуунун бир гана жолу бар. Камбар-Ата ГЭСин, башка чакан ГЭСтерди батыраак бүткөрүп, электр энергиянын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, анан Ош, Чүй облустарындагы ири элдүү конуштардын, шаарлардын баарын газдаштыруу керек. Утопиялык долбоорлорду коё туруп, биринчи кезекте ГЭСтерди курууну колго алып, электр энергиясы маселесин чечүү эң башкы маселе болуп турат. Президент азыр 50дөй майда ГЭС курулуп жатканын айтты. Эгерде келерки кышка чейин дагы ошончо майда ГЭС курулса, абал кыйла жеңилдей түшмөк. Ошондуктан Өкмөт райондорго, айыл өкмөттөргө майда ГЭСтерди курууну директивалык милдет кылып коюшу керек. 1960-жылдарга чейин көпчүлүк колхоздордун өздөрүнүн чакан ГЭСтери болгон. Антпесек, ар кышта «өлбө жаным, өлбө, өчпө свет, өчпө» деген абал кайталанып, элди кыйнай берет.

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист