Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясынын чечимине ылайык, Нарын шаарындагы мектептерде окууну баштоо эртең мененки саат 09:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, мындай чечим учурдагы ызгардуу суукка байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин окуу процесси таңкы саат 08:00дө башталчу.

Нарын шаарында тийиштүү кызматтардын жыйыны өтүп, анда орто мектептердин жылуулугун нормага ылайык кармоо жана жылуулукту күн сайын көзөмөлгө алуу тийиштүү мекеме башчыларына тапшырылды.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев "Нарын Жол Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунунун бригадири Сталбек Ибраевди кабыл алып, таң эрте окуучулардын мектепке баруусу кыйын болуп жатканын белгилеп, Нарын шаарында маршуруттук таксилердин эртең менен эрте чыгуусун жана көзөмөлдөөну сүйлөшүп, 20га чукул маршуруттук такси уюштуруп берүүнү макулдашкан.