Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматта иштегендерге убактылуу премия төлөө токтотула турганын соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Айтымында, ага себеп өлкөнүн куралдуу күчтөрүн чыңдоого көп каражат жумшалууда.

"Мамлекеттик кызматта иштеген кесиптештер!

Сиздерге белгилүү болгондой мамлекеттик кызматкерлердин квартал сайын ала турган премиясы өткөн жылдын аягынан баштап убактылуу токтотулган.

Премияларды берүүнү токтото туруу чечимин өкмөт кайсыл себептен улам кабыл алды?

Баткендеги кагылышуулардан кийин куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүүгө, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот.

Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз.

Ошону менен бирге мамлекеттик кызматкерлер үчүн он үчүнчү эмгек акы калтырылды. Жылдын аягында он үчүнчү эмгек акы менен чогуу премиялар дагы берилет. Андыктан анын суммасы эмгек акылары жогорулаганын эске алганда жакшы чыгаары күтүлөт", - деп жазды Орунбеков.