Печать
Категория: Коом
Просмотров: 386

Курманбек Салиевичтин өмүрлүк жарынын бул дүйнө менен кош айтышканы тууралуу жаңылыкты элге алып чыккан кээ бир  каналдын алып баруучулары "Качкын президент Бакиевдин" дешип, атайылап эле ошол сөзгө басым жасап айтып жатышат.

Билип койгула, Курманбек Бакиевди "качкын" деп айтканга эч кимдин акысы жок, себеби, Курманбек Салиевич качып кеткен эмес.

Ал өлкөдө тынчтык болсун, Кыргыз элимин ар бир жаранынын башынан бир тал чачы түшпөсүн деп, бизди ойлоп чыгып кетишке мажбур болгон.

Себеби, Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариев "Бакиевди түштүк бүт колдойт, ошондуктан ал чыгып кетпесе түндүк-түштүк граждандык согуш чыгарып, элдин кыргынын Бакиевдин мойнуна илебиз" дешкен.

Качып кеткен менен чыгып кетишке мажбур болгон деген сөздүн айырмасына башыңар жетпесе, анда ата-энеңерге таарынгыла

Себеби, ата-энеңер орустарга теңелип арак ичише берип каныңар бузулуп, канга кошо гениңер айнып, же кыргыз эмес, же орус эмес болуп орто жолдо калгансыңар, тил билбей, кыргыздын жашоо менталитетинен, салтынан, үрп адатынан куру жалак калып.

Бакиевдин башына иш түшүп турганда жаман сөзүңөрдү тыйып, сасык оозуңарды жаба албай жатпайсыңарбы, маңкурттар.

Эки күн парламентте отурган Орозайым деген тарбиясыз бетпак жөнүндө сүйлөсөңөр "экс -депутат" деп аласыңар, аны асманга көтөрүп.

Самозванка, канкор апчеңер Отунбаеваны болсо "экс президент" деп көкөлөтөсүңөр, аныңар адамдык сапатын жоготуп, аброю жер менен жексен болуп жатканына карабай.

Бакиев жүз жылда бир жаралчу элдик лидер. Мындай экенин тарых тастыктайт.

Шамурза Бөрүкулов, журналист