Печать
Категория: Коом
Просмотров: 103

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова каза болду. Бул тууралуу маркумдун жердештери жана бир нече булак «Азаттыкка» ырасташты.

Ушу тапта Төлөмүшованын жакындарынын Казармандагы үйүндө акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат.

Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилди. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 18-январда болору, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери кабарланууда.

Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгон. Аны тажыясына Курманбек Бакиевдин катышары же катышпары азырынча кабарлана элек.

Назгүл Төлөмүшова Бакиевдин экинчи жубайы. 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Бакиев менен бирге өлкөдөн качып кетип, Беларустан башпаанек табышкан.

2016-жылы орусиялык басылмалар Назгүл Төлөмүшова Беларус баш калаасындагы "Минск" мейманканасын башкарып жатканын жазып чыгышкан.