Чүй облусунун Кемин районунун билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды алып коюу жана уурдоо боюнча стабилдүү схема түзүлгөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, схема 2016-жылы түзүлүп, ушул убакка чейин бюджеттик каражаттарды уурдоодо "ийгиликтүү" иштеп турган.
Бул УКМКнын билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрүн аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ачыкка чыкты.
Коррупциялык схема боюнча, мекеменин жооптуу кызматкерлери орто мектептердеги мугалимдердин атынан аларга айтпастан “Бай түшүм”, “РСК” банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операциялар жүргүзүлгөн. Мектеп мугалимдери аталган банктарда эсептешүү эсептери бар экенин, алар аркылуу ири суммадагы акча каражатын чыгарып турганын билишкен эмес.
Банкоматтардын эсептеринен акча каражаттары башкы эсепчи Д.М. жана эсептешүү бухгалтери К.Э. тарабынан чыгарылган.
Келтирилген зыянды аныктоо үчүн КР УКМНнын тергоо болуму тарабынан сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында КР Финансы министрлигинин адистери тарабынан текшерүү жүргүзүү дайындалган. Алдын ала жыйынтыктар боюнча аныкталган зыян 10 млн сомду түзгөн.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.