Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Султанов Улукбек Ташболотович Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.
Анда айтылгандай, Садыр Жапаров кол койгон дагы бир Тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Молдокматов Абай Молдокматович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары кызматынан бошотулду.