Ардактаган милиция кесибин Америкага алмаштырбаган Айза кызыбыз, анын ажалына себепкер, из жашырган МАИ кызматкери, ал жексурду үй камагына акыйкатсыз чыгарган Свердлов районунун судьясы
Ушул сүрөттөгү жаркылдаган аяш кызым Айзанын капилет кырсыктан каза болгондугу тууралуу жазганга колум барбай, жамандыкты ыраа көрбөй, жан-дүйнөм аңтар-теңтер болуп бир апта араң чыдадым. 9-январдагы каргашалуу кырсыкка дале ишенгим келбейт. Дале ишене албай келем. Балким кызыбызды унаасы менен сүзүп мерт кылып качып кеткен МАИнин мурдагы кызматкерин 3-4 күндөн кийин оперчилер жашырынган жеринен таап кармап келсе, Свердлов районунун судьясы аны үй камагына чыгарып жибербегенде таптакыр жазбас белем...
Группалашым, курсташым, үйлөнгөндө күйө жолдош болуп Кочкордун Кызыл-Дөбөсүнө чейин коштоп барып, кубанычтарында, кайгылуу күндөрүндө дайыма чогуу болуп келген Улан досум, Замира аяшым Айза кызыбыздан айрылып, кан жутуп кайгыга батып турганда орду толгус оор жоготуу тууралуу жазып, ого бетер жүрөктөрүн жаралагым келбеди. Жаңыдан жараланган жан дүйнөсү бир тууган агасы, "Турар" басмасынын башчысы, мыкты адам, жакын досум, ары аяш агам раматылык Тилек Мураталиевдин азасынан акырындап арылып, убакыт дарылап келе жатканда кенже кызы Айзадан айрылып калганы орду толгус оор жоготуу болду.
Айза кызыбыз өзгөчө жароокер эле. Билимдүү, мекенчил, көптү үмүттөндүргөн мыкты кыз эле. Мектепти алтын медаль менен бүтүргөн, айыл мектебинде окуп жатып конкурс аркылуу бир жыл Америкадагы мектепте окуп келген, Ала-Тоо эларалык университетинин Юридикалык факультетинде англис тилинде окуп, аны артыкчылык диплому менен аяктаган, Италияда окуган, Америкадагы атактуу университеттеринин бирине магистратурага бекер, стипендия менен өтүп, бирок милиция кесибинде иштейм деп Мекенинен кеткиси келбей, АКШга баруудан баш тарткан, мекенчил кызыбыз Айза тууралуу жаза берсек учугу улана берет.
Эми ушундай мыкты кызыбызды машинасы менен уруп мерт кылып, кырсык болгон жерден изин жашырып качып кеткен МАИнин экс-кызматкери Н. Урсеитовду 4 күндөн кийин милициянын опер-кызматкерлери таап, кармап келгендин эртеси, 14-январда Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгартып жибергени жанды кашайтып, кайгынын үстүнө кайгы үйүп отурат.
Инилерим, Башпрокурор Курманкул Зулушев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул акыйкатсыздыкты кылдат иликтетип, калыстыктан тайган судьяга чара көрөр деген ишеничте ушул кайгылуу окуяны кайрылуу катары жазууга аргасыз болуп отурам!
Кыяз Молдокасымов