Эсиңиздерде болсо, буга чейин Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы Жар-Кыштак айылында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда бейбаштык, уруп-сабоо, талап-тоноо боюнча кылмыштуу окуя болуп өткөн. Бирок ал окуя боюнча жабырлануучулар облустук, райондук прокуратура органдарына кайрылганына карабай, ал боюнча эч кандай чаралар көрүлбөй, жарандардын арыздары кароого алынган эмес. Аргасы кеткен жабырлануучулар УКМКга кайрылышкан.
Атайын кызматтын өкүлдөрү кайрылуунун негизинде аймактын прокурорлорунун окуя боюнча эч кандай иштерди жүргүзбөгөнүн, жарандардын арыздарына кайдыгер мамиле жасап, өз милдеттерин аткарбагандыгын аныктаган.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан өлкө башчысына сунуш киргизилип, өз иштерине шалаакы, кайдыгерлик кылган прокурорлорго чара көрүү зарылдыгы айтылганы маалымдалган.
Президенттик администрация тарабынан УКМКнын жарандардын укуктары бузулганы боюнча сунушунун негизинде өлкө башчыга Башкы прокурордун орун басары А. Молдокматовду, Жалал-Абад обсунунун прокурору А. Киязовду, анын орун басары З. Тойчубаевди, Сузак районунун прокурору Б. Сыдыгалиевди жана анын орун басары Т. Кенжебаевди ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушун киргизилди. Эми президент С. Жапаров өз чечимин чыгарышы керек.