Оштогу акыркы адам өлүмдөрү менен коштолгон окуядан улам өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго сокку уруу, алардын элдин тынчтыгына коркунуч келтирүүсүнө жол бербөө маселеси күн тартибине чыкты. Уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз, кылмыштык аракеттерин алдын алып, аларга чаралар көрүлүп жатса да, бирок алардын дале жанданып, активдүү болуп жаткандарына күбө болдук.
ИИМ башчысынын орун басары Нурбек Абдиев УКТ мүчөлөрүнө карата жазалар катаалдаша турганын айтты. Анын айтымында, бул боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, УКТ мүчөлөрү амнистиядан ажыратылат.
Дегинкисинде, уюшкан кылмыштуу топтордун болуусу биринчиден, жарандардын тынчтыгына, мыйзамдуулукка шек келтирсе, экинчиден, бийлик үчүн абийир алып келбейт, элдин ишенимин жоготот. Ошондуктан аларга карата мыйзам катуу иштеп, кылган кылмыштары үчүн жазаларга кириптер кылынып, аларды колдоого алган ишкерлерге, саясатчыларга да чаралар көрүлүшү абзел. УКТны колдоонун, каржылоо бул кылмыштарды, мыйзамдарга каршы иштерди колдоо болуп саналат. Коррупциянын тамыр жыйышы мамлекеттин эртеңи, келечеги үчүн кандай коркунучтуу болсо, уюшкан кылмыштуу топтордун болуусу да элдин, өлкөнүн тагдыры үчүн ошондой эле кооптуу. Мамлекетте мыйзамдын гана үстөмдүгү өкүм сүрүшү зарыл.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго, криминалдык элементтерге каршы катуу күрөш жүрөрүн, аларды аёо болбостугун эскерткен. Бүгүн УКТнын тамырларын кыркуунун маалы болуп турат. УКМК менен ИИМ бул багытта комплекстүү иш жүргүзүп, кардиналдуу чараларды көрүшсө, бат эле мыйзамдуулук, тартип орнотуларында шек жок. УКТлардын тамырларын кыркуу, алардын жарандардын жашоолоруна болчу коркунучтарын алдын алуу жогорку бийликке болгон элдин ишенимин гана арттырат.