Кара-Балтада 6 жаштагы кыз 15-январда каза тапкан. Анын каза болуусунун себеби катары жакшы тамактанбаганы, алсызданганы айтылууда. Дарыгерлер 6 жаштагы кыз болгону 12 кг салмакта болгонун билдиришти.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинети ар бир баланы текшерүүнү чечишкенин соцтармактагы баракчасына жазды.
"Кайра эле кароосуз калган балдар маселеси. Болгондо да тирүү ата-энесинин жанында... Минкаб Саламаттыкты сактоо, Билим берүү жана илим, Эмгек, ИИМ министрликтери жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен ар бир баланын жашоо-турмушун текшерүүнү чечти. Андан тышкары балдар боюнча соцкызматкерлердин 550 жаңы штаты ачылат", - деп жазды Байсалов.