Печать
Категория: Коом
Просмотров: 307

Депутат Тазабек Икрамовдун жылкылары, уйлары жана айыл чарба багытындагы жерлери бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы жарыялаган аткаминерлердин 2021-жыл боюнча декларациясынан улам белгилүү болду. 

Тазабек Икрамов ушуну менен экинчи жолу депутат болуп отурат. Биринчи жолу "Өнүгүү-Прогресс" партиясы менен Жогорку Кеңешке келген, экинчи жолу бир мандаттуу округдан шайланып келди. 

Декларацияга ылайык, Икрамовдун турак жайы, айыл чарба багытындагы жери, жылкылары жана уйлары бар. Бир жылдагы кирешеси - 661 миң 310 сом. 

Ал эми жакын туугандары 2021-жылы болгону 100 миң сом иштеп табышкан. Бирок карамагында үй, короо жай, 95 чарчы метрлик батир бар. Ошондой эле эки "Лексустун" мыйзамдуу ээлери.