Чүй облусундагы саламаттыкты сактоо координатору Бактыгүл Мамытова Кара-Балта шаарында 6 жаштагы кыз каза тапканы тууралуу маалымат тараткан. Анда кыз алсыздыктан, организмге суу жетпегенден, дарыланбаган пневмония, биринчи жолу аныкталган кант диабетинен жана сепсистен каза тапканы айтылган. 

Кара-Балта шаары кыз тууралуу билдирүү жасалды. Андагы маалыматка таянсак, кыздын үй-бүлөсү жакыр жана көп балалуу үй-бүлө катары Жайыл районундагы эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда турат. Бул үй-бүлө тийиштүү кызматтардын дайымкы көзөмөлүндө болуп келген жана Жаңы жыл алдында жардам иретинде 50 кг ун жана 5 миң сом алган. Балдарга жылуу кийим дагы сунушталган, бирок энеси баш тарткан. 

Үй-бүлөдө алты бала бар болчу. Каза болгон кызды кошкондо 3 кыз, эки эркек. Кыздардын улуусу 18 жашта, андан кийинкилери 10 жана 2 жашта. Эки эркек баласы 14 жашта, алардын бири майып. 

Энеси үй кожойкеси, ал эми атасы Россиянын жараны, учурда Кыргызстанда, үйүндө. 

Энесинин айтымына караганда, 6 жаштагы кыз тамакты жакшы иччү эмес, табити жок болчу. Көчөдө баратканда ичи ооруп өзүн жаман сезген. Ооруканага алып барышкан, ошол жактан көз жумган.