Печать
Категория: Коом
Просмотров: 355

Чүй облусунун аймагында мектеп курулуп жаткан маалда жасалма кошумча келишимдерди түзүп, өз капчыктары үчүн акча жасаган мурдагы аткаминерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына  Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын айрым кызмат адамдары бир катар жасалма документтер менен жасалма подряддык келишимди даярдап, өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алганы тууралуу маалымат келген. 

Мындан улам текшерүү иштери башталып, 2019-жылдын декабрь айында Чүй облусундагы орто мектепти куруу убагында 
тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрүлбөгөнү, жасалма кошумча келишимдерди түзүлгөнү, анын жардамы менен республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 миллион сом “С.Т.” ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарылганы аныкталган. Бирок аталган подрядчы уюму тарабынан курулушта эч кандай иш аткарылган эмес. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К.  жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.