Печать
Категория: Коом
Просмотров: 202

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө берилчү жаза катаалдашат. Бул тууралуу ИИМдин министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйынында билдирди. 

Ал учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. Айтымында, документ жакында  Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.

Анда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзам бузууларын алдын алуу, соттолгон мүчөлөрүн амнистиядан ажыратуу сыяктуу толуктоолор сунушталган.