ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйынында ИИМде кайсы жеке ишкерлер жана кайсы саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта экени тууралуу маалымат бардыгын айтты.
"Уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган адамдардын кылмыштуу кирешелеринин булактарын аныктоо, алардын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн, фонддорун, чарбалык объектилерин тастыктоо боюнча үзгүлтүксүз атайын иш чаралар жүргүзүлүп турат. Милиция уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүүгө чоң күч сарптап жатат. Бүгүнкү күндө "Уюшкан кылмыштуу топторду жана кылмыш чөйрөсүн каржылоо" беренесинин негизинде эки кылмыш иши козголду", - деди генерал - майор.