Печать
Категория: Коом
Просмотров: 734

- Каныбек агай, акыркы мезгилде президенттин кышкы туризмди жарнамалаганын, футбол ойногонун айрымдар өксүктүк катары кабылдап, бала кезде ойнобой калып, президент болгондо ошону жасап жатат дешүүдө. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Бул эмне деген караңгылык же наадандык?!  Президент сергек жашоону жарнамалап жатат. Спорт оюндарын, тоо туризминин өнүгүүсүн колдоону - бул өлкө башчысынын милдети катары эле кабыл алалы. Президенттин же башка ири чиновниктердин абройлоруна шек келтирүү - бул биздин улуттук трагедиябыз! Алардын жасаган жумуштарын ылгап-талдап, сын-пикирлерди айтуу биздин укугубуз, албетте. Бирок, ар нерсенин мыйзамдуу чеги болот.