Юридика илимдеринин доктору, профессор Арабаев Автандил Анисович менен маек.

- Автандил Анисович, кечээ күнү Министрлер кабинетинин жыйынында Төрага Акылбек Жапаров билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектигине өзгөчө басым жасады. Сиздин оюңузча, билим берүү системасындагы реформа кандай жүрүп жатат? Бул реформада дагы кайсы багытка көңүл бурулса туура болмок?

- Реформалардын алкагында билим берүүнүн укуктук базасы негизинен чыңдалып, уюштуруучулук маселелер чечилип жатат. Албетте, бул чоң иш-чара.

Ошол эле мезгилде, реформанын негизги максаты, менимче, принципиалдуу программалык аракеттерди талап кылат. Мындай аракеттер «мектеп - жогорку окуу жайы – илим - коом менен мамлекет» сыяктуу бирдиктүү системага негизделиши абзел.

- Аны кандайча түшүнсө болот?

- Кыскача айтканда, балдар мектептен билимдин жана тарбиянын базасын өтсө, жогорку окуу жайында профессионалдык адистикке ээ болушат. Андан ары илим менен алектенип, илимий иштердин жыйынтыктары коомго жана мамлекетке, алардын өсүп-өнүгүүсүнө пайда алып келиши керек.

Мындай талап, биринчиден, билим менен илимдин социалдык маңызынан келип чыкса, экинчиден, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн кесипкөй адистер жана илимий жетишкендиктер менен камсыз кылуудан келип чыгат. Мындан сырткары, бүгүнкү күндөгү ааламдашуу заманында жаштарыбыз - мектепти бүтүрөбү же жогорку окуу жайын бүтүрөбү - конкуренцияга жөндөмдүү адис болуусу шарт.

Ошондуктан, реформанын программасы, менимче, үч негизи бөлүктөн (“мектеп”, “жогорку окуу жайы”, “билим менен илимдин интеграциясы”) туруп, ошол эле учурда, алардын ич ара бирдиктүү системасын камтыса туура болот. Тактап айтканда, билим берүү системасындагы реформа бир эле учурда мектепте да, жогорку окуу жайында да, илимде да болушу абзел.

- Мектептеги реформаны кандай көрөсүз?

- Мектептерибизде учурда билим берүүгө жакшы шарттар түзүлүп, тиешелүү деңгээлде жабдыкталып, окуу процесси болсо Совет мезгилинен бери эле калыптанган. Ошентсе да, мында окуу пландарын жана стандарттарын карап чыгуу талап кылынат. Айрыкча, жогорку класстын окуучуларына кошумча «факультатив», «профилдик» окутууларды киргизүү, университеттердин мугалимдеринин лекция жана башка формадагы сабак өтүүлөрү, мектеп менен университеттердин тыгыз байланышуусун камсыз кылуу – булардын баары келечектеги профессияны туура тандоого жана ага мектептен баштап максаттуу даярданууга жол ачат.

- Ал эми жогорку окуу жайларычы?

- Биринчиден, жогорку окуу жайларындагы реформа университеттердин окутуучулук составына, окуу-методикалык жана лабораториялык базасына ылайык алардын профилин, алар даярдоочу адистердин тизмесин жана мамлекеттик окуу стандарттарын карап чыгууну талап кылат. Маселе эмнеде? Бүгүнкү күндө окуу жайларыбыз юридикалык, экономикалык жана медициналык адистиктерге көп көңүл буруп калышты. Албетте, алар ушундай жол менен болсо да өздөрүнүн окутуу шарттарын жакшыртууга, мугалимдердин айлык маянасын жогорулартууга кызыкдар. Бирок, маселе алардын окутуу базасы канчалык деңгээлде жооп берээринде болуп жатпайбы?

Экинчиден, өлкөбүзгө зарыл болгон приоритеттүү адистердин тизмесин жана аларды даярдоочу окуу жайларын аныктоо зарыл. Маселен, учурда мектептерде айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз болуп калды. Ал эми мамлекеттик мекемелерде IT-инженерлер менен програмисттер жетишпейт. Андан калса, жалпы санариптештирүүгө өтүү мамлекеттик негизги маселелердин бири. Демек, бул жааттагы адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек.

Албетте, окуу жайларынын өнүгүүсү үчүн аларга академиялык эркиндик, өз алдынчалык берүү сөзсүз керек. Бирок, окуу жайы мамлекеттик болгондон кийин, ага бюджеттен каражат бөлүнүп жаткандан кийин, ал окуу жайдан мамлекетке пайдалуу кайтарым да болушу керек да.

Үчүнчүдөн, жогорку окуу жайларындагы илимдин абалы. Учурда бул жааттагы иш көбүнэсе формалдуу болуп кетти. Бир жагынан, окуу жайларда илимий изилдөө ишине өздүк каражаты жетишсиз болуп жатса, экинчи жагынан, мамлекет тарабынан колдоо да жетишээрлик болбой жаткандыгында. Менимче, өкмөтүбүз приоритеттүү илим изилдөө багыттарын аныктап, аларды окуу жайларга «мамлекеттик буюртма» катары бюджети менен бөлүштүрүп берсе, максатка ылайык иш жүрүшмөк. Албетте, мындай учурда мамлекет илим изилдөө иштерин көзөмөлгө алганга шарт да түзүлмөк.

- Ыракмат маегиңизге.