Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов кечээ, 14-январда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.
«Бүгүн биз өлкө турмушундагы маанилуу майрамдардын бирин белгилеп жатабыз. 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби бекитилген. Алтын шоола улуу Күн, ак мөӊгүлүү Ала-Тоо, көйкөлүп жаткан Ысык-Көл, канат каккан Ак шумкар чагылдырылган.
Мамлекеттик герб – эгемен Кыргыз Республикасынын башкы символдорунун бири.
Ал ушунча жылдардан берки жаралган баардык жакшы жактарыбыздын баарын жакындан коштоп келет. Буйруса, Кыргызстандын эгемендиги кошо жаралган Мамлекеттик гербине, мындайча айтканда, башкы энтамгасына келерки жылы 30 жыл болот. Мына ушул жылдар аралыгында да Кыргызстандын жакшылык-жамандыгы менен бирге болуп, жетишкен ийгиликтерин ар дайыма коштоп келди.
Эгемендикке ээ болгону мамлекеттик башкы символдорубузду бийик көкөлөтүп, кыргыздын нарк-насилинин, каада-салтынын бири катары башыбызды ийдик. Ал өнүгүп-өсүүнүн, кайра жаралуунун жышааны экенин тана албайбыз. Мамлекеттик энтамгада өтөлгөлүү өмүр, жарык дүйнө, учкул кыялдарыбыз толугу менен көркөм чагылдырылган. Менимче, Кыргызстандын Мамлекеттик герби көркөмдүк-эстетикалык жагынан геральдика илиминин баардык талаптарына толугу менен жооп берет.
Биз Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки эки-үч муундун өмүрүнө таандык мезгил аралыгында ушул символдор менен бирге жашап, бирге туруп келебиз. Бүгүнкү күнү кыргыз журтун жалпы дүйнөгө тааныткан, түндүгүнөн улуу күндүн алтын нуру куюлган Мамлекеттик гербибизди жүздөн ашуун өлкө тааныйт. Ал аркылуу биз жүздөгөн элдерге таанымал болдук.
Сиздерди дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынган күнү менен куттуктайм. Сиздерге бейпил, бакубат жашоо, ишиңерде ийгилик каалайм!” – деп айтылат Сүйүнбек Касмамбетовдун куттуктоосунда.