Печать
Категория: Коом
Просмотров: 334

“Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 13-январда аталган чиновниктер КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча кармалган. 

Э.Б.А. жана С.Дж.М. Кыргыз Республикасынын Т.И.А. аттуу жаранына Базар-Коргон шаарынын мэрлик кызматына кайра дайындалуусуна жардам берээрин айтышкан. Калп убадалар менен ишенимине киришкен дагы 20 миң доллар сурашкан. Алар бул акчаны президент С.Жапаровго беребиз деп калп айтышкан. Акчаны алгандан кийин Э.Б.А. жана С.Дж.М. мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Т.И.Аны коркута башташкан.

Учурда кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК жарандарды алдамчылык жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалыматы болсо 0312660475; 0312626504 телефону аркылуу нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.