Камчыбек Ташиев Кыргызстандын намысын коргоого аттанып жаткан спорчуларга жолугуп, ийгилик каалады.
16-27-январь күндөрү Таиланд мамлекетинин Бангкок шаарында өтө турган Азия чемпионатына Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтөт.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчуларга байгелүү орундарга ээ болушун каалады.
"Ар бир кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күчтүү болсо, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса, сөзсүз жеңишти багындырат. Өлкө жетекчилиги спортчулардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берет", - деди Ташиев.
Спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретээрин айтышты.