Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

Ушул жыл башында ЖК депутаты Жалолидин Нурбаев Россия Федерациясына иштеп жүргөн эмгек мигранттары менен жолугушуп келгендигин маалымдап, “Парламент” радиосунда болду.

“Орус жергесинде жүргөн мигранттарыбыз арга кеткенде өздөрү иштеген юридикалык жактын дареги боюнча каттоого турган учурлар бар экен. Бул - алардын жашаган жериндеги үй кожоюндарынын тиешелүү органдарга убагында барып, маалыматты тастыктап бербегендигинен улам. Эми абал бир аз жакшы жагына өзгөргөнү турат. Анткени, ошол мигранттар турган үйдүн ээлери тиешелүү органдарга бара албаса, онлайн каттоого алуу процесси ишке ашат. Бул маселе Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасында да каралып жаткан кези”, - деди депутат.

“Мигранттарыбыз акыры бир күн өз мекенине кайтып келишет. Бирок, ага чейин алардын балдарынын мээримге болгон муктаждыгын эч ким камсыздай албай жатканы өкүнүчтүү. Ошондуктан, жарандарыбыз сыртка чыкпоосу үчүн өз жергебизде иш орундарын түзүү зарылчылыгын белгилеп, мигранттар акционер болуучу ишканаларды негиздөө сунуштары көтөрүлүүдө. Алгачкы сыноочу долбоор Ош областынын Араван районун чегинде ишке ашырылат”, - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат мигранттарды медициналык тейлөө, аларга юридикалык кеп-кеңештерди берүү маселелери оң жагына чечилип жаткандыгын да билдирди.