13-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Ички иштер министрлигинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 Майрамдык жыйынга КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев жана КР ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамы катышты.

 Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов чогулгандарды келе жаткан маанилүү майрам менен куттуктады. Ал өз сөзүндө бийликтин түпкү маңызын аныктаган негизги максаттары — элге ак кызмат кылуу, эмгекчилдик, мекенчилдик экенин баса белгиледи.

 «Жүрөгүбүздө ыйык сакталган мекенчилдик, ата-бабаларыбыздын жаркын элесине парзыбыз, элдин эркиндикти сүйгөн духу бизди алдыга жетелеп, күч-кубат берет. Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн биз өлкөдөгү тынчтыкты жана бейпилдикти, улуттар аралык ынтымакты баалап, коргоп, мамлекеттүүлүгүбүздү, коомдогу биримдикти сакташыбыз керек. Бул ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети», — деди Сүйүнбек Касмамбетов.

 Ошондой эле Мамкатчы ИИМдин кызматкерлеринде коомдук тартипти сактоодо өзгөчө жоопкерчилик бар экенин эскертти.

 Өз кезегинде КР ИИМ башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи: «Мамлекеттик герб Кыргызстандын элинин эркиндигин жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн символдоштурат. Гербдин мааниси улук жана ыйык. Бул элибиздин биримдигин, тарыхый, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарын, жаркын келечекке умтулуусун чагылдырат. Легендарлуу парламент тарабынан бекитилип, кабыл алынган Мамлекеттик герб өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн күбөлөндүрүп, бардык эл аралык жана расмий иш-чараларда колдонулуп, кыргыз элинин турмушунда маанилүү орунду ээлейт.

 Ички иштер органдарына өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандарды ар кандай кылмыштуу кол салуулардан коргоо гана эмес, калк арасында, өзгөчө жаштар арасында агартуу иштерин жүргүзүү, туура жашоого үндөө, адамдык асыл сапаттарга үндөө милдети жүктөлгөн.

 Президентибиздин „Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу менен биз мамлекеттик символикаларды, өлкөнүн тарыхын, ата-бабаларыбыздын улуу мурасын изилдөө, улуттук баалуулуктарды алып жүрүү жана сактоо максатында окуу-тарбия иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келебиз.

Кыргыз милициясынын кызматкерлери Ата-Мекенге кызмат кылууда өзүнүн ролун жана ордун терең түшүнүү, кызматтын талаптарын аткаруу үчүн жеке жогорку жоопкерчилиги, өз милдетин аткаруу үчүн зарыл сапаттарды жана көндүмдөрдү калыптандыруу зарылчылыгына ишенгендиги менен айырмаланат.

 Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш күнү маанилүү салт менен — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү, гимндин коштоосунда башталат. Желек, гимн, герб мамлекеттин эгемендигин жана иденттүүлүгүн камтыган негизги символдор болуп саналат».

 Мындан сырткары ИИМ башчысы ички иштер органдарынын кызматкерлерине жасалган Кайрылуусунда көрсөтүлгөн талаптарды ар бир кызматкер аткарууга милдеттүү экендигин белгиледи.

 Эгемен Кыргызстандын башкы жана ажырагыс атрибутун иштеп чыккандардын бири, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев чогулгандарга кайрылды.

 «Мамлекеттик символду иштеп чыгуу сынагын жарыялаганда мен Нарын облусунун Ат-Башы районунун Акмоюн округунан „Легендарлуу парламенттин“ депутаты болчумун.

Сүрөтчү Асейин Абдраевди өзүмдүн кабинетиме чакырып, мамлекеттик гербди иштеп чыгуу сынагына катышуусун сунуштасам: „Республикада белгилүү сүрөтчүлөр бар, биз алар менен күч сынаша алмак белек“, — деп күмөн санап койгон. Мен болсо өжөрлүгүмдүн айынан аны сынакка катышууга макулдугун алгам. Гербди ойлоп табууга эки жыл кеткен.

 Мамлекеттик герб боюнча комиссияга „Легендарлуу парламенттин“ 21 депутаты кирип, төрагасы белгилүү жазуучу Казат Акматов болгон.

 Республикадан жалпысынан 2 234 гербдин эскизи келген. Конкурстук тандоо Г. Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде өтүп, бүт эскиздер баардыгы көргүдөй болуп илинген. Ар бир кыргызстандык өзүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын калтырууга мүмкүнчүлүк алган.

 Желегибиз Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган, ал эми гербди талкулоо 1994-жылдын 14-январына чейин — 2 жылга созулган. Гербдин авторлору Асейин Абдраев менен Садырбек Дубанаев экөөбүз гана эмеспиз. Гербдин авторлору деп Кыргызстандын бүт элин атасак болот», — деп ардагер эскерүүлөрү менен бөлүштү.

 Иш-чаранын конокторуна тарыхый документтер, фотосүрөттөр, иш процесси жана гербди бекитүү тууралуу слайддар көрсөтүлдү.