Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Эл аралык террористтик уюмдун Х.А.С. аттуу шериги кармалды. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сузак районунда туулуп-өскөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ал 13-январда УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан колго түшүрүлгөн. 

Х.А.С. “жихадчы” идеологиянын активдүү жактоочусу катары социалдык тармактар аркылуу Сириядагы ЭТУнун эмиссарлары менен байланышып, көрсөтмөлөрүн аткаруу менен ЭТУнун катарына жаңы жактоочуларды тартуу үчүн «Тик Ток» жана «Инстаграм» социалдык түйүндөрүндөгү жеке баракчасында ЭТУнун радикалдык үгүтчүлөрүнүн «Джамаат Таухид ва-Джихад» жана «Өзбекстан ислам кыймылынын» видеокайрылууларын таратып, пропагандалап турган. 

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында X.А.С.дын жашаган жеринен, радикалдуу видеолорду жарыялап колдонуп жүргөн 3 уюлдук телефон табылып алынган.

Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.