- Жаңы жылдан бери эле ырчылар фонограммасы жок ырдашы керек, ал турсун тамадалар, ырчылар, бийчилер салык төлөшү керек деген маселе жаралды. Ырчылар салык төлөп, фонограммасы жок ырдаганга даярбы?
- Бул абдан жакшы сунуштар. Шоу бизнес дүйнөсү дагы салык төлөө аркылуу мамлекеттин келечегине салым кошуусу керек. Бирок анын механизми өтө маанилүү. Кантип, кандай жол менен төлөшөт? Ушул жагын жакшылап иштеп чыгып, шашпай чечим чыгаруу керек. Ошол эле учурда мамлекет аларга жакшы шарттарды түзүп бериши керек. Жаңы залдарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып дегендей. Фонограммасы жок ырдашы үчүн ага тийиштүү шарттар керек. Эми азыркы учурда барбы алар? Мына ошол жактарын жакшылап ойлонуп туруп чечим чыгаруу өтө маанилүү. Иштебеген мыйзамдардын санын көбөйтүүнүн эмне кереги бар? Мыйзамдар иштей тургандай абалда, шартта жазылышы керек.