Буга чейин ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин «Кудайберген» унаа тетик базары 70 млн. сом салыкты төлөгөн эмес» деп айтканын болушунча жокко чыгарып, катуу «чычалап», агынан жарылган эле. Бүгүн минтип Эльвира айымдын ээлигиндеги «Кудайберген» базары 70 млн. сом салыкты төлөптүр.

Тилекке каршы, минтип миллиондогон сомдук салыктарды төлөбөй, кош бухгалтерия жүргүзүү аркылуу кирешелерин жашырып, салыкты төлөөдөн качып келаткан субъектилер, ишкерлер бизде өтө эле көп. Айтып да, жазып да келаткан көмүскө экономиканын негизги үлүшү мына ушунда жатат. Батышта, өнүккөн өлкөлөрдө салыкты төлөөдөн качуу өтө чоң кылмыш болуп эсептелет. «Адам өлтүргөн жазадан кутулса да, салыкты төлөбөгөн жазадан кутула албайт» деген принцип бар. А бизде салыкты төлөөдөн качуу ишкердик субъектилердин принциптерине айланган.

Салыкты төлөтүүдө оппозиция, позиция деген нерсе болбошу керек. ЖК депутаттары арасында Эльвира айымдан башка мандатына, позициясына таянышып, салыктарды толук өлчөмдө төлөбөй келатышкандар жетишерлик. УКМК Салык кызматы менен биргеликте алардын да ишмердиктерин текшерүүгө алып, жаап-жашыргандарын ачыктап, салыктарды толук өлчөмдө төлөтүүнү колго алсын. Ири суммадагы салыктарды төлөбөгөндөргө айып пулдар салынып, жоопкерчиликтери каралсын!

А. Жапаров баштаган кыргыз өкмөтүнүн көмүскө экономиканы жокко чыгаруу, анын үлүшүн минималдуу чекке түшүрүү аракетин колдойм. Ал үчүн ККМ аппараттарын орнотуу иш-аракеттери жүргүзүлүп, анын натыйжалары жаман эмес. Бирок бул көмүскө экономикадагы үлүштүн бир чети гана. Көмүскө экономиканы чындап «өнүктүрүп» жаткандар ири ишкана, компаниялар, мандатына ишенгендер, кызматтарда отурган чиновниктер…

Мирлан Дүйшөнбаев