Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Өздөрүн дайыма чындыкты, калыстыкты жазган, мыйзамдарды сыйлаган маалымат булагы катары көрсөткөндөн жадабаган «Кактус» маалымат булагынын чыныгы жүзүн жалпы эл, кыргыз коомчулугу билип бүттү. Бирок кактусчулар «уялбагандан өзүң уял» демекчи, «колуңардан не келет, каалаганыбызды каалагандай жазабыз» деген принципке өтүп алышкандай…

Өткөн жылдын сентярындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышуу маалында ачык эле Тажикстанды колдоого алган, алардын кызыкчылыктарын коргогон маалыматтарды жазышып, жалпы элдин кыжырын келтирген. Андагы душмандык жорук-жосундары үчүн «Кактустун» журналисттери кымындай да моралдык жоопкерчиликтерин сезип коюшкан эмес. Аларды айыптап чыккандарга бет тырмарлык кылып жооп беришкени эсибизде.

Андан кийин президенттин жаңы жылдык куттуктоосу боюнча чындыкка дал келбеген маалыматты таратышып, окуяны  бурмалап, элдин башын айландырууну көздөштү. Кыргызстандын аймагында иштеген медиа болгону менен Кыргызстанга, кыргыз элине жакшылык каалабастыгын, жалган, чагымчыл маалыматтарды таратуу менен эл ичине бүлүк салууну, абалды чыңалтууну көздөгөн Көкчөгөз, Көзкамандардан экендиктерин көрсөтүштү. Мында да эч кандай жоопкерчиликтерин сезишпей, ооз учунан кечирим суроо менен чектелишти. 

Муну менен токтоп калышкан жок. «2023-жылдын 1-январынан тартып  «Вечерний Бишкек» гезити чыгуусун токтотот» деген маалыматты жазып чыгышты. Бирок «Вечерний Бишкек» ал маалыматтын жалган экенин билдирип, моралдык зыян үчүн «Кактустан» 50 миллион сом өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылышты. 

«Кактустун» сөз эркиндигин бетке кармап алып, ойлоруна келгенди, каалагандарын жазышып, элдин башын айландырган чагымчыл иш-аракети качанга чейин уланат? «Кактуска» мыйзам чегинде чара көрүү маселеси көтөрүлсө, кактусчулар «кокуй, сөз эркиндигин муунтуп атышат» деген жарамазандай жаттап алган «ырын» ырдап чыгышары бышык. Бирок атайылап жалган маалыматтарды таратып, кутум, арам максатты көздөгөн деструктивдүү, провакациялык иш-аракеттердин эч кандай сөз эркиндигине тийешеси жок. Кактусчулардын системалуу түрдө уланып жаткан жоопкерчиликсиз, провокациялык ишмердиктерине мыйзам чегинде чара көрүлүп, керек болсо иши токтотулушу зарыл. Ичтен чыккан жаттарга элдин, өлкөнүн тагдыры менен ойноолоруна жол берилбеши керек!

Автандил Белеков