Печать
Категория: Коом
Просмотров: 179

Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 10-январда аталган мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери А.Р. жана М.Т. талап кылышкан паранын 30 миң сомун алып жатканда колго түшүшкөн. 

"Кыргыз Республикасынын УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын улантып жатат. КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту ("Алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу") боюнча, 2023-жылдын 10-январында 30 миң сом өлчөмүндө мурда талап кылынган акча каражаттардын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош облусунун Араван районундагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалынын кызматкерлери А.Р. жана М.Т. кармалды. Алар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп, жеке материалдык байытуу менен жерге мунапыс берүү жөнүндө документтерди тариздөө үчүн 450 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.