"Вечерний Бишкек" Басылма үйү" ЖАК "Кактус Медиа" маалымат порталын сотко бергени белгилүү болду. Ага себеп - аталган маалымат порталы "1-январдан тартып "Вечерний Бишкек" гезити жабылат. 49 жылдан бери чыгып келе жаткан" деген темадагы макала жарылаган. 

"Вечерний Бишкек" бул маалыматты четке какты. Өзүнүн vb.kg сайтына басылма өз ишин уланта берээрин жарыялагандан кийин "Кактус Медиа" баштапкы макаласынын аталышын өзгөрткөн. Бирок ага чейин жарыяланганы бул убакта соцтармактарга тарап, коомдо кайсы бир деңгээлде резонанс жаратууга үлгүрүп калган эле. 

"Гезит жабылбайт, ишмердүүлүгүн улантат. "Вечерний Бишкектин" түптөөчүсү катары "Вечерний Бишкек" Басылма үйү" ЖАК дагы жабылуу процессинде эмес. Бул маалыматтарды КР Юстиция министрлигинин ачык сайтынан тастыктоого болот", - деп айтылат доо арызда. 

"Кактус Медианын" калп маалыматы басылманын ишкерчилигине жана профессионалдуулугуна таасирин тийгизгенин белгилейт. Мындан улам сотко кайрылышып, моралдык зыян үчүн 50 миллион сом өндүрүп берүүнү суранышкан.