Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Түмөнбай Колдошов Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кол койгон.

Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 13-декабрында Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык Б.Бейшеналиева атындагы КГУКИнин ректорунун кызмат ордуна сынак жарыялаган.

Сынактын жыйынтыгында эң жогорку баллды Түмөнбай Колдошов алган. Буга чейин Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп иштеп келген.

КГУКИнин ректору Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам каза болгон.