Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Айыл чарба министрлигине тиешелүү кат жөнөткөнүн билдирди. Анда министрликке тургундардан да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан да турак жай куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо зарылдыгы боюнча кайрылуулар түшпөгөнүн тастыктаган.
“Демек, бул жергиликтүү бийлик органдарынын ишинин жетишсиздигинен кабар берет. Буга байланыштуу тез арада тийиштүү аткаруу органдарына тапшырма берип, элди жайгаштыруу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүп, миңдеген тургундарды жайгаштыруу боюнча, айыл жергесинде жаңы айылдары ачып, жумуш орундарды түзүү боюнча иштерди колго алышыбыз керек”, - деди депутат.