Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргыз Республикасынын экс-президенттеринин статусу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө сунушун берди.
Айтымында, бул документтин айрым нормаларын алмаштырууга туура келет.
"Мисалы, бюджеттин эсебинен экс-президенттерге өмүр бою охрана камсыз кылуу. Мамлекеттик охрананы калтыруу керек, бирок биринчи беш жылда гана акысыз кылса болот, андан кийин аны экс-президенттер өздөрү төлөөгө тийиш", - деди депутат.
Ал ошондой эле, 2-беренени да өзгөртүү зарылдыгын белгиледи. Айтымында, экс-президенттердин мамлекеттик резиденцияда жашоо укугун республиканын экс статусуна ээ бардык башчыларына ылайыктуу кылуу керек. Аларга жаңы жашай турган жерин камдап көчүп кеткиче резиденцияда жашоого уруксат берүү кажет.
"Биздин өлкөдө экс-президенттер мамлекеттин "любовницаларындай" эле болуп калды, аларды салык төлөөчүлөр каржылашы керек", - деди Дастан Бекешев.