Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Бишкектеги райондордун бирин Курманбек баатырдын ысымы менен атоону сунуштады. Ал белгилегендей, мындай сунушту шаардыктар өздөрү киргизген.
Ал учурда борбор калаанын райондорунун аталышы өзгөртүлүп жатканын эске салды.
"Бишкектиктер райондордун бирин Курманбек баатыр деп атоону сунуштап жатышат. Бул биздин тарыхый баатырларыбыздын бири, ал "Манас" эпосунан кийинки эле орунда турат", - деди Маткеримов.