Печать
Категория: Коом
Просмотров: 181

Журналист иликтөөчү Болот Темировдун журналисттик ишмердигинин артында АКШ баштаган Батыш турары, Батыштан каржыланып, алардын буйрутмаларын аткарып келери буга чейин айтылып, жазылганына карабай, өзү аны четке кагып, моюндабай келет. Бирок аз күн мурдагы АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нолан Джонсон менен аталган медиа бөлүмдүн медиа-ассистенти Турат Макенбаевдин телефондук сүйлөшүүсү жарыяланды.

Анда Болот Темировдун Батыш менен  байланышы бардыгы чындыкка жакын экенин баамдоого болот.  Нолан Джонсон Темировдун тагдырына күйүп,  АКШ тарап ага жардам берүүгө даярдыгын, бирок аны ачык айтса Болот Темировго да зыяны тийип калбашы керектигин, ошону менен бирге анын АКШ менен тыгыз байланышы да билинип калса болбостугун, бирок жардам берүү зарылдыгын айтканын угууга болот. Турат Макенбаев болсо Болот Темиров менен сүйлөшкөнүн, ал кандай колдоо болсо да ыраазы болорун айтканын Нолан Джонсонго жеткирүүдө. Бул Болот Темиров АКШнын тыңчысы экенин, Батыштын каржылоолору менен иш алып барат деген кептердин чындыгы бардыгын  дагы бир жолу ырастабай койбойт. Сүйлөшүүлөрдөн байкалгандай, Темиров АКШнын жардам берүү ниетин күткөндөй  эле кабыл алып, колдоосу ашыкча болбостугун айткан.

Баарынан да  АКШ элчилигинин  көптөгөн жарандык активисттердин, укук коргоочулардын ичинен Болот Темировдун тагдырына гана кызыгып жатканын каякка катабыз? Бул факт эле анын АКШ тарап менен канчалык байланышы бар экенин кашкайта көрсөтөт. Анан АКШнын «ырын» ырдап, «заказын» аткарып, алардан айлык алып келаткан  адамдан эл, өлкө үчүн жакшылык күтүүгө болобу? Албетте, болбойт!