КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Анын негизинде, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары  жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган.  Орун басар 11-январда  талап кылган акчанын 86 миң сомун алып жаткан учурунда кармалган.

Маалыматтарга караганда, айыл өкмөт башчынын орун басары - 1988-жылы туулган М.Б.С. 

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө. Тергөө жүрүп жатат.