КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу демилгесин көтөрдү.
Кечээ, 10-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрдү. Анда ведомствонун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлерди түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
УКМКнын маалыматына караганда, Камчыбек Ташиев биринчи кезекте Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди.
Аны менен катар окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.
Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды. Мында Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу да жолдонду. Китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөй турганы белгиленди.
Жыйындын соңунда генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну тапшырды.
Ошондой эле, ачылышын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына, 2023-жылдын сентябрына чейин бүтүшү керек жана китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөт.