Печать
Категория: Коом
Просмотров: 214

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Экспорттук контроль жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Алсак, аталган мыйзам долбоору “Экспорттук контроль жөнүндөгү” мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскердик багыттагы продукциялардын кыймылын жүгүртүүгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору инвентаризациялоонун негизинде, мыйзамдарда бирдей терминологияны сактоо максатында иштелип чыккан.