Печать
Категория: Коом
Просмотров: 251

Бүгүн, 11-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Алсак, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети анын ченемдерин Конституцияга жана “КРнын Министрлер кабинети жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына ылайык келтирүү болуп саналат. Мыйзам долбоорунун бардык тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Өкмөтү” деген сөз ар түрдүү жөндөмөдөгү “Министрлер Кабинети»” деген сөздөргө алмаштыруу сунушталат.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келет деген пикирин билдирип, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда тактоону талап кылган бир катар беренелер бар экенин кошумчалады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.