Бишкек шаарынын “Алга” футболдук клубунун жаңы башкы машыктыруучусу болуп Самат Сүймалиев дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Буга чейин Сүймалиев Кыргызстандын жаштар курама командасын (U-17) жетектеп келген.
Самат Сүймалиевдин айтымында, машыктыруучулардын курамында айрым өзгөрүүлөр болгон. Руслан Жаныбеков клубда дарбазачылардын машыктыруучусу, ал эми Бакай Зайырбеков машыктыруучунун жардамчысы болуп иштейт.
Сүймалиевдин келишими 2023-жылдын сезону аяктаганга чейин, дагы да узартылышы мүмкүн.