Печать
Категория: Коом
Просмотров: 210

Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын 2023-жылы улантат.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Лотереяны улантуу чечими анын оң натыйжага бергендигине байланыштуу кабыл алынды. Жарандар кассалык чектерди активдүү талап кылып, ал эми ишкерлер контролдук-кассалык машиналарды көбүрөөк колдоно башташты. Алсак, жыл ичинде ККМди колдонгон ишкерлердин саны 3 эсеге көбөйүп, 64 миңди түздү.

Салык кызматы кыргызстандыктарды товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кылууга чакырат. Өткөн жылы байгеге ээ болбогондор быйыл жаңы лотереянын жеңүүчүсү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.