Печать
Категория: Коом
Просмотров: 507

Соцтармактарда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нолан Джонсон менен ушул эле элчиликтин аталган бөлүмүнүн медиа-ассистенти менен болгон телефондук сүйлөшүүсү жарыяланды. Анда журналист Болот Темиров тууралуу кеп болгон. 

Vb.kg редакциясы алардын сүйлөшүүсүнүн стенограммасын чыгарды. 

Биринчи сүйлөшүү:

Нолан Джонсон: Вашингтон Болот Темировдун иши боюнча абдан кызыкдар болот. Биз Болоттон угалы дедик эле. Эгер ал бул нерсе ага жардам бере алат деп эсептесе. 

Турат Макенбаев: Ааа, сиз билдирүү тууралуу айтып жатасызбы?

Нолан Джонсон: Ооба. Эгер билдирүүдө анын аты аталганы ага жардам берсе. Анткени, биз эмнени жасаганды пландап жатканыбызды билбейбиз, бирок биз ага жардам бере алабыз. Билесизби, эгер ал аты аталганы жакшы болот деген учурда дагы, биз аны билдирүүгө кошууга убада бере албайбыз. Биз эмненидир айталы деп жатабыз, бирок азырынча эмнени айтаарыбызды тактай элекпиз. 

Турат Макенбаев: Макул, макул. 

Нолан Джонсон: Эгер сиз аны менен сүйлөшүп билип берсеңиз, менде номери бар, бирок бул нюансты жеткирүүгө орус тилим начар. 

Турат Макенбаев: Макул, сүйлөшөйүн. 

Нолан Джонсон: Эгер ага чала алсаңыз, андан кийин мага чалып коюңуз. Анткени, биз бирдемени айтууну пландап жатабыз, бирок азырынча анын атын билдирүүдө атаганыбыз туура болобу же жокпу билбей жатабыз. 

Ал атын атообузга макул болгон учурда дагы, бул билдирүүгө аты кошулат деген кепилдик эмес. 

Турат Макенбаев: Түшүндүм, түшүндүм. Макул. 

Экинчи сүйлөшүү:

Турат Макенбаев: Мен азыр эле Болот менен сүйлөштүм. Ал айтат, биринчи аны камагылары келген экен, бирок коомчулуктун күчү менен бошотушуптур. Ал кандай колдоо болбосун ыраазы болоорун, билдирүү дагы жакшы колдоо болоорун айтты. Бирок аны батыштын тыңчысы катары көрсөткөнгө аракет жасашкандыктан, мындан ары андай нерсени каалабайт. Билдирүүгө ыраазычылыгын билдирди, бирок аты аталышын каалабайт. 

Сүйлөшүүлөрдүн аудиосун  - t.me/news_vb_kg/10348 - ссылкасынан угууга болот. 

Булак: vb.kg