10-январында КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Текшерүү КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө ("Өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. 

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. ишкерлер менен макулдашып, жер тилкелерине ижара акысын төмөндөтүп берип турушкан. Анын акысына өздөрү үчүн сыйакы алышкан. Муну менен алар жергиликтүү бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.  

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, жогорудагы коррупциялык схеманын натыйжасында 2020-2022-жылдар аралыгында муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй коюу түрүндө мамлекеттик бюджетке келтирилген зыян 30 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Талас шаарынын биринчи вице-мэри Б.М.М., Талас шаардык кеңешинин спикери Ж.А.Д., вице-спикер К.А.С. жана муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Д.М.С. кармалды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалгандарга карата баш коргоо чарасын тандоо каралууда.