- Жыл жыйынтыктоо алдында турабыз. 2022-жылдагы кайсы окуя сизди сүйүнттү?
- Бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле мен дагы ɵлкɵмдɵгү ар бир жакшы иштерге, ийгиликтерге, жетишкендиктерге аябай кубанам, кɵп нерсени жүрɵгүмɵ жакын алым, кайгырган менен кошо кайгырып, кубанган менен кубанган жайым бар. 2022-жылдагы бир топ мектептердин, бала бакчалардын салынышы, ар түрдүү тармактарга техникалардын алынышы, чакан ГЭСтердин салынып жатышы, пенсиянын жана бюджеттик мекемелердеги айлыктардын 2-3 эсеге жогорулашына сүйүндүм. Кымбатчылык болгон сайын айлыктардын жогорулашы элдин кɵңүлүн тынчтандырып жатат десем болот. Кыргыз элинин ар кандай кырдаалдарда биригип, жардамын аябай, бир муштумга бириге калганына кубанам. Буга пандемияда жана Баткендеги чек арадагы куралдуу кол салуулардан жабыркагандарга жардам беришкени далил болду. Элибиздин мындай биримдигин дүйнɵ коомчулугу суктанды десем болот.
Жеке жашоомдогу жакшылыктар менен бɵлүшсɵм, кызым Диана орто мектепти аяктап, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бюджеттик бɵлүмүнɵ ЖРТнын жыйынтыгы менен ɵтүп, студент болуп бизди кубантты.
- Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? Жалпы-жонунан бийликтин бул жылдагы иш-аракетине кандай баа бересиз?
- Элдин турмушу канчалык жакшы жакка ɵзгɵрдү, ал ар бир үй-бүлɵгɵ жана жеке адамдарга байланыштуу деп ойлойм. Мамлекет кошумча каржы булактарын таап, пенсияларды кɵтɵрдү, аскер кызматкерлеринин, дагы башка тармактардагы айлыгы аз бюджеттик мекеме-ишкана, министрликтердин айлыктарын жогорулатты. Бул аракеттер дагы элдин турмушунун жакшыруусуна шарт түзɵт. Айлыгы жакшы кызматкер кызматын сүйүп иштеп, жең ичинен акча кылууга, башка жактан акча алууга кызыкпайт эмеспи. Кыргызстанды ɵнүктүрүүгɵ, экономикасы кубатуу ɵлкɵгɵ айландырууга бийликтин аракети абдан жакшы. Муну белгилеп кетишибиз керек. Коомчулукта айтылып жүргɵндɵй, 30 жылда болбогон иштер жасалып жатат. Демек, иштесе, жасаса болот экен!
- Саясий, социалдык-экономикалык багытта 2023 – коён жылы кандай болот деп ойлойсуз? Сиздин божомол?
- 2023-жылы өткөн жылдан да жемиштүү болот. 2022-жылы башталган «Кытай-Кыргызстан-ϴзбекстан» темир жол долбоору, Балыкчы-Кочкор темир жолу, чакан ГЭСтер, жолдор, пайдубалы салынып, курулушу жүрүп жаткан ондогон билим берүүчү жана социалдык мекемелер 2023-жылы аяктап, анын жемишин кɵрɵбүз буюрса. Башкысы, жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун!