Кечээ "Дордой -Дыйкан" базарынын соодагерлери товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук (ЭТТК) түрүн колдонууга каршылык билдирип, митингге чыгышты. Жарандык активист Кайып Шер мамлекеттин беттеген багыты туура деп эсептейт. 

"Негизинен өкмөттүн койгон ой максаты заманбап болгон. Аны аткаруу, көзөмөлдөө, ишке ашыруу өкмөт башчы Акылбек Жапаров ойлогондой болбой жатат. Анын себеби, салык төлөгүсү келбеген ишканалардын дээрлик бардыгынын кожоюндары мамлекеттик азыркы-мурдагы чиновниктер, депутаттар экени жашыруун деле эмес. Ошолор базардын соодагерлери аркылуу ушул маселени көтөрүп, коомдук пикир жаратууга аракеттенип жатышат деп ойлойм.  

Акылбек Жапаров келечекти башкаларга  караганда 30 жыл алдыга көрө билет. Пенсия, пособие, медиктерге, мугалимдерге, аскерлерге айлыкты кайдан табат? Ай сайын кредит алмак беле? Ишкерлер канча соода кылса, ошого ылайык салык төлөйт деп жатат. Жаап жашырган Кудайга дагы жакпайт. Ал эми митингге чыккандар муну каалабайт. Бул сапар Акыйкат Акылбек Жапаров жакта!" - деди Кайып Шер.