УКМК төрагасы  Камчыбек Ташиевдин  коррупцияга каршы күрөшүнүн  алкагындагы «кустуризация» кампаниясы далайлардын түн уйкуларын бузуп, түштөрүнөн чочуп ойготконбу, чиновниктердин армиясы дүңүнөн мыйзамсыз жолдор менен тапкан кирешелерин башкаларга каттатышып, заматта батири, унаасы жок, айлыктын гана көзүн карашкандар болуп алышыптыр. Сыягы, мыйзамдуу жолдор менен табылгандыгын далилдей албачулар, арты  таза эместер ушундай жолдор менен «кустуризациядан» айланып өтүүнү көздөшкөн көрүнөт. Болбосо, өткөн жылы эле батирлери, кыймылсыз мүлктөрү, авто унаа ж.б. байлыктары барлар бат эле эч нерселери жок бечара болуп калышкандарын кантип түшүндүрүүгө болот?

Байлыктары, батирлери, мүлктөрү мыйзамдуу жолдор менен табылса, мыйзамдуу киреше булактары болсо, корко турган эч нерсе жок. Башкаларга каттатып, киреше боюнча декларациясы менен өздөрүн бечара көрсөтүшмөк эмес. Мыйзамдын укуругуна  илинип калуудан, текшерүүгө кабылуудан чочулашып, коркушуп, ушундай жолдорго барышкандары айтпаса да түшүнүктүү. Демек, жаап-жашырууга, башкаларга каттатууга себептер бар. 

Бирок коррупцияга малынган, мыйзамсыз жолдор менен байыган депутат, чиновниктер ушинтип эле жоопкерчиликтен кутулуп кете берсе болобу? Декларациясында жашырып көрсөтүп, элди, мамлекетти алдай берүүгө мүмкүнбү? Албетте, жок. Анда киреше боюнча декларациялары шектенүүлөрдү жараткандардын мүлк, кирешелери текшерүүгө алынышы керекпи?

Биз муну менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кулак кагыш кылгыбыз келди. Бул жагдайлар коррупцияга каршы күрөшүүгө жолтоо кылбашы керек.