УКМКнын Ички коопсуздук кызматы 2-январда Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде КР УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү.

Натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.