Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына кечирим тууралуу пост калтырды.
Орус тилинде жазылган постту кыргызчага котордук:
"Биз көбүн, дээрлик баарын кечиришибиз керек... биз башкалар сыяктуу эле жөнөкөй адамдарбыз, а эмнеге сен кечире албайсың, Кудайдан да кыйынсыңбы? Кудай кечирет, а сен кечирбейсиң, сен кимсиң? Сен болгону 8 миллиард адамдын бирөөсү элесиң, Кудайдан кыйын да, чоң да боло албайсың!!! Биз жөнөкөй адамдар катары калабыз жана жок болобуз..."